СПИДке каршы курошуу куну биздин мектепте

Дата публикации: Apr 03, 2016 4:2:34 PM

К.Бектенов атындагы Кара-Ой орто мектебиндеги СПИДке каршы курѳшуу күнүнѳ карата ноябрь айында иш план иштелип чыгып бекитилди.СПИД тууралуу рефераттар жазылды, "Биз СПИДке каршыбыз" деген темада доклад,дил баян,буклеттерди чыгарышты. «Биз СПИДке каршыбыз» деген темада мазмундуу  дубал газеталарды ар бир класс чыгарышты. 

Тегерек столдо слайд жана видеоролик кѳрсѳтулду. Кѳрүп буткѳндѳн кийин окуучулар арасында дискуссия болуп, жуккан жана жукпай турган жолдорун кызыгуу менен талкуулашты. ФАПтан  Сыдыкова Болоткүл эже келип СПИДтин жугуу жолдору жѳнүндѳ жана бул коркунучтуу оорунун аягы кандай бүтѳт, ушул тууралуу кызуу талкуулоо жургузду. Окуучулар кичине болсо дагы СПИД тууралуу маалымат алышты.