1-сентябрь "Билим күнү"

Дата публикации: Apr 24, 2021 6:19:20 AM

1-сентябрь күнү 1-класстарга 93 окуучу келди. 9.00до линейка башталды.   1-класска келген окуучуларды 4 группага бөлүп  линейкага  аралыкты сактап шахмат түрүндө  тизилди.  Ар бир класс өз убагы менен линейкага тизилип, андан кийин сабакка киришти.  1-класстын окуучулары мектеп менен таанышып чыгышты. Мектепке келген окуучулурдын температурасын өлчөп, тизмекке алынды. Бардык санитардык- гигиеналык абал сакталды.

Линейкага Кара-Ой айылынын өкмөт башчысы Тюлегенов Каныбек Турсуналивич 1-класстарды куттуктап, белек берди.  Мектептин директору Мамытова Р.Т., класс жетекчилер Мирошникова С., Бибиченко Л.И., Абдыкалыкова Ж.А., Асаналиева Б.А. куттуктоо сөз айтышты. 

1-класстарга биринчи коңгуроо кагылды.

1-класстар мектептин ичине экскурция кылып таанышып чыгышты.

 1-сентябрь күнүндө 2-11- класстар  аралыктан класстык саат өтүштү. Класс жетекчилер “ Сүйүктүү Кыргызстаным” деген темада видео жасап жиберишти. Класстык саатта окуучулар билим күнүнө карата ыр саптарын айтып беришти. Ал эми 1-класстар үчүн линейка  этап менен өткөрүлдү. Класстан  “ Сүйүктүү Кыргызстаным” деген темада класстык саат өтүлдү.