3-март "Желек күнү"

Дата публикации: Apr 24, 2021 5:26:33 AM

Мектепте Кыргыз Республикасынын желегинин күнүнө карата иш план иштелип чыгып, иш план боюнча иштер иштелди. 3-мартта ар бир класс жетекчи тарбиялык сааттарды өтүштү. Ошондой эле ар бир класс дубал газеталарды чыгарышты, реферат, сүрөт, буклет жасашты. Желектин жасалышын айтып беришти. Класстарда бурчтар уюштурулду. Мектеп администрациясы,  мектептин  окуучулары, мугалимдери  менен биргеликте Кыргыз Республикасынын туусун 3-март күнү саат 8.30да  көтөрдүк. Ар дайым Кыргыз республикасынын желеги желбиреп турсун. Кыргызстаныбызда тынчтык болсун!