9 май биздин мектепте

Дата публикации: May 21, 2015 8:29:5 AM

-Мектепте Улуу Жеңиштин 70-жылдыгына карата план иштелип чыгып, бекитилип, мөөнөттөрү көрсөтүлгөн. Мектептин музейинде "Улуу Жеңишке 70 жыл" деген бурч уюшулган. Ошондой эле биринчи этажда "Элесиңер дайым эсибизде" деген зал уюшулган. мындан сырткары класс жетекчилер классы менен ачык тарбиялык сабактарды өткөрүштү. Ар бир класста бурчтар уюшулуп, дубал газеталар илинген. Мыктылары белгиленип, грамоталар менен сыйланды. 9-майда окуучулар,афган согушунун ардагерлери жана айылдык депутаттар согуш ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп парад басышты. Сахналаштырылган сценка көрсөтүлүп, хорлор, жеке аткаруудагы ырлар ырдалды жана согуш жөнүндө ырлар айтылды.