5-март "Ак калпак күнү"

Дата публикации: Apr 24, 2021 5:29:32 AM

Калпак кыргыз журтунун сыйлуу баш кийими,жайында салкын,кышында жылуу. Калпак кийизден жасалат да кыргызда урмат- сый менен кийилет. Калпак кийген кыргыз жигити ак мѳңгулуу Ала-Тоонун образы дал калпакта берилгендей. Кыргыз эли жѳн эле баш кийим тигип, оймо чийме менен кооздоп койгон жок. Баш кийимде чоң сыр жатат. Калпакты урматтап ак калпак куну да киргизилген. Башка элдер кыргыз элин ак калпагынан тааныйТ . Калпакты  кыргыз эли сыймыктануу менен урматтап кийишет.

Мектепте тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Окуучулар ак калпактын түрлөрүн, маанисин айтып беришти. Ар бир класс бурчтарды уюштурушту. 5-март күнү ак элечек кийген апалар, аталар жана окуучулар менен жөө жүрүшкө чыктык. Апалар шаңдуу ыр менен коштоп басышты.