15-февраль "Афгандар күнү"

Дата публикации: Apr 24, 2021 6:7:30 AM

1978-жылдан баштап Афганистанда карама- каршы, эки Франциясынын ортосунда элдик келишпесттик түзүлгөн. 1979- жылы партиянын жетекчиси менен революциялык кеңештин башчысы бийликтен кулатылып, Афганистанды жарандык согуш башталган. 1978- жылы Афганистан СССРге достук кызматташтык келишимге кол коюлган. Ушунун натыйжасында 1979- жылы декабрда кабулга советтик аскерлер киргизилген. Ошондо Кыргызстандын 7 миңдей жоокерлер дагы Афганистанга согушка аттанган. 1979- жылдан баштап, 13 жыл бою согуш өртүлдө  калган. Өлкөдөгү жарандык согуш жана Советтик аскерлердин Афганистанга киргизилиши советтик тышкы саясаттынын катачылыгы эмес, одоно саясий кылмышы болгон, өлкөнүн тарыхый тагдырын салт- санаасын билгиси келбеген, чындыкты көзгө илбеген текебер советтик саясат бир нече миңдеген советтик солдаттарды өлүмгө түрткөн. Миллиондогон моджехеддер тарабынан жок кылынып, азап- тозокторго салган. 1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлер чыгарылган. Афган ислам мамлекети деп аталып бийлик жихад кеңешине өткөн. 13000 миңден ашык жоокерлер өлгөн. 100 миңден ашык жарадар болгон.

Афганистанга Кыргызстандын 7 миңдей жоокер кетсе анын 300 миңдейи курман болушкан 1,5 миңдейи жарадар болуп кайтышкан, 249 мекендешибиз ооган жерине калышты. 15- феварль Ооган аскерлеринин чыгарылган күн болуп калды. Быйыл ага 32 жыл болду”- деп Байзакова Роза тарых сабагынын мугалими 15-февраль күнү кыскача маалымат айтып берди.

Биздин айылдан 13 жоокерибиз Авганистанга жана Баткенге барып кандуу согушка катышып келген согуш ардагерлерибиз бар. Быйылкы жылы 11 ардагерибиз бар. Жылда ардагерлер менен жолугушуп балдарга болгон окуяларды айтып согуш мындан ары болбосун деген тилектерин айтышты. Авган согушунун ардагерлерине музыкант мугалим Маннаникаова В.Н. концерттик программа уюштурду. Ар бар класс класстык сааттарды өтүштү. Тарых сабагынан берген мугалимдер авган согушу жөнүндө окуучуларга маалыматтарды берип сабак өтүштү.

Жылда айыл өкмөт тарабынан авган согушунун ардагерлерине акчалай сыйлык жана грамоталар менен сыйланышат.