ХРОНОЛОГИЯ ПАПКАСЫ




Кумдан жасалган скульптуралар музейи

Отправлено 14 нояб. 2016 г., 15:17 пользователем Анара Бектурганова   [ обновлено 14 нояб. 2016 г., 15:22 ]

Окуучулар кумдан жасалган скульптуралар музейине киргенден баштап кызыгуу менен көрүп, сурап башташты. Ошондой эле ар бир скульптура жөнүндө айтып берип жаткандарды кунт коюп угушту. Өздөрүнүн кызыккан суроолорун берип жооп алышты. 

"Карылар күнүнө" карата мектептин ардагерлерин сыйлоо

Отправлено 3 нояб. 2016 г., 20:44 пользователем Анара Бектурганова   [ обновлено 10 нояб. 2016 г., 06:35 ]

1- октябрь карылар куну белгиленип, мектептин ардагер мугалимдерине грамота жана белектер тапшырылды. 

«Мугалим мѳмѳлуу дарак»

Отправлено 3 нояб. 2016 г., 11:06 пользователем Анара Бектурганова   [ обновлено 3 нояб. 2016 г., 11:40 ]

  «Мугалим мѳмѳлуу дарак» дейт эмеспи, мугалимдерге мектептин парламенти чакан концерт даярдашты 1 -октябрда. Ар бир мугалимге ѳздѳрү чыгарган ырларын, даярдаган куттуктоо баракчалары менен гулдѳрду беришти. Мыкты даярдаган ырлары, сценка, бийлерин тартуулашты. Мугалимдер мектетин парламентине жана окуучуларга  ыраазычылыгын билдиришти

Сообщение без заголовка

Отправлено 24 окт. 2016 г., 18:06 пользователем Анара Бектурганова   [ обновлено 24 окт. 2016 г., 18:10 ]

Кыргыз тил кунунѳ карата иш план тузулуп, бекитилди. Иш план боюнча класс  жетекчилер ачык тарбиялык сабактарды ѳтүштү. 5 «Б» класс менен Маниярова Г.М. «Кыргыз тили кылымдарды карыткан» деген темада ачык тарбиялык сабак ѳтүү. Бул сабакта кыргыз тилин даӊазалаган обондуу ыр ырдап берди. Ошондой эле манастан узунду айтышты, «акыйнектери менен алдыга чыгышты. Куплеттер айтылды. Калган класстын окуучулары да жогорку дегээлде ачык класстык сааттарды  ѳтүштү. Сценка коюшту, ыр ырдашты. Жалпы алганда ачык класстык сааттар максатына жетти. 

Мектептин депутаттарынын шайлоосу

Отправлено 24 окт. 2016 г., 13:03 пользователем Анара Бектурганова   [ обновлено 24 окт. 2016 г., 13:07 ]

 Быйыл жаңы проект менен мектептин депутаттары шайланышты. Бул шайлоо шветтин өкүлдөрүнүн колдоосу менен жүргүзүлдү. Шайлоого окуучулар абдан кызыгуу менен катышышты. Шайлоонун бүт эрежелерин сактап жогорку деңгээлде өтүп, алкыш алдык. 10 окуучу катышып 6 окуучу депутатыкка өттү. Депутаттыкка катышкан окуучулар абдан чуркашты. Шайлаганы келген окуучулар кундөлүктөр менен кирип шайлашты. Линейкадан айыл өкмөт шайлоону жакшы өткөргөн мугалимдерге грамота тапшырылды. Ошондой эле 6 депутатка мандаттары тапшырылды. Күбөлүк жана төш белгилер берилди. 

СПИДке каршы курошуу куну биздин мектепте

Отправлено 3 апр. 2016 г., 09:02 пользователем Анара Бектурганова   [ обновлено 3 апр. 2016 г., 09:05 ]


К.Бектенов атындагы Кара-Ой орто мектебиндеги СПИДке каршы курѳшуу күнүнѳ карата ноябрь айында иш план иштелип чыгып бекитилди.СПИД тууралуу рефераттар жазылды, "Биз СПИДке каршыбыз" деген темада доклад,дил баян,буклеттерди чыгарышты. «Биз СПИДке каршыбыз» деген темада мазмундуу  дубал газеталарды ар бир класс чыгарышты. 
Тегерек столдо слайд жана видеоролик кѳрсѳтулду. Кѳрүп буткѳндѳн кийин окуучулар арасында дискуссия болуп, жуккан жана жукпай турган жолдорун кызыгуу менен талкуулашты. ФАПтан  Сыдыкова Болоткүл эже келип СПИДтин жугуу жолдору жѳнүндѳ жана бул коркунучтуу оорунун аягы кандай бүтѳт, ушул тууралуу кызуу талкуулоо жургузду. Окуучулар кичине болсо дагы СПИД тууралуу маалымат алышты. 


Жолду көзөмөлдөөнүн жаш досторунун областтык конкурсу

Отправлено 25 нояб. 2015 г., 10:59 пользователем Анара Бектурганова   [ обновлено 25 нояб. 2015 г., 18:33 ]

2015-жылдын 4-майында областта болгон жолду кѳзѳмѳлдѳѳнун жаш досторунун конкурсуна барып катышып келдик. РайООдон келген приказдын негизинде иш жургуздук. План боюнча ѳзуӊдун жашаган жериӊдеги жолду  кѳзѳмѳлдѳѳ кызматкеринин пенсионерлери менен жолугушуу, маек куруу, дубал газета чыгаруу, маршировка, ураан , ыры болуш керек эле. Ушул план боюнча иш чара болду. Чолпон-Ата шаарынын жашоочусу Керимканов Курманбек агабыз менен жолугушуп анын ѳмур баяны менен чогу Чолпон-Атанын ГАИси качан уюшулганын билип алдык.  Ысык- Кѳл районунда жолду кѳзѳмѳлдѳѳ кызматы 1969- жылы уюшулган. Конкурска 6а,в- класстардан тандалып 9 окуучу катышышты. Областан 9 команданын ичинен 4-орунга ээ болуп келдик. 


5-октябрь мугалимдердин күнү

Отправлено 5 окт. 2015 г., 22:45 пользователем Эмил Курманбаев   [ обновлено 26 нояб. 2015 г., 18:13, автор: Анара Бектурганова ]

 2015-жылдын 5-октябрында мугалимдер күнүн белгиленди. Мектептин окуучулары эртең менен мугалимдерди музыканын коштоосунда,гүл менен куттуктап тосуп алышты. 

Мугалимдер күнүнө карата окуучулар чакан концерт коюшту. Мектеп директору мугалимдерди куттуктап, иштерине ийгилик жана ден соолук каалап каалоо-тилегин айтты.



9 май биздин мектепте

Отправлено 21 мая 2015 г., 01:29 пользователем Emektep Admin

-Мектепте Улуу Жеңиштин 70-жылдыгына карата план иштелип чыгып, бекитилип, мөөнөттөрү көрсөтүлгөн. Мектептин музейинде "Улуу Жеңишке 70 жыл" деген бурч уюшулган. Ошондой эле биринчи этажда "Элесиңер дайым эсибизде" деген зал уюшулган. мындан сырткары класс жетекчилер классы менен ачык тарбиялык сабактарды өткөрүштү. Ар бир класста бурчтар уюшулуп, дубал газеталар илинген. Мыктылары белгиленип, грамоталар менен сыйланды. 9-майда окуучулар,афган согушунун ардагерлери жана айылдык депутаттар согуш ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп парад басышты. Сахналаштырылган сценка көрсөтүлүп, хорлор, жеке аткаруудагы ырлар ырдалды жана согуш жөнүндө ырлар айтылды.

Конкурс "Учитель года-2015".

Отправлено 21 мая 2015 г., 01:17 пользователем Emektep Admin   [ обновлено 25 авг. 2015 г., 03:46 ]

Вчера 23 апреля 2015 года учитель физкультуры Сапалиев Жумабек участвовал на конкурсе "Учитель года-2015". Был удостоен наградой "Профессионал своего дела".

1-10 of 10